Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги жарандарын немис жабдуулары аркылуу аңдып жатышы мүмкүн


Түркмөнстан өкмөтү бийликке жакпаган веб-сайттарга бөгөт коюу жана тыюу салууларды кыйгай өткөн интернет колдонуучуларды аныктоо үчүн Rohde & Schwarz немис фирмасынын телекоммуникациялык жабдууларын колдонот.

Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече жеке булактарына таянуу менен билдирди.

Мындан тышкары Rohde & Schwarz фирмасынын техникалары телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо үчүн дагы пайдаланылышы мүмкүн.

Rohde & Schwarz фирмасынын Мюнхендеги башкы кеңсеси бул маалыматты тастыктап же четке каккан жок. Ошол эле маалда компаниянын өкүлү Виктория Герасимова фирма “көптөн бери Түркмөнстанга жабдууларды жеткирбей калганын” айтты. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагынын божомолуна караганда, Rohde & Schwarz Түркмөнстанда жабдуулары жарандарды аңдууга алуу үчүн колдонулуп жатканын билбеши ыктымал.

Себеби аңдуу телекоммуникациялык тармакта иштеген эки жеке компаниянын ортомчулугу аркылуу ишке ашууда.

Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына, анын ичинде “Азаттык” радиосуна бөгөт коюлган. Facebook, YouTube, Twitter Vkontakte социалдык түйүндөрүнө, WahtsApp, Telegram, Viber, Signal мессенжерлерине тыюу салынган. Түркмөнстандыктар блоктолгон сайттарды жана мессенжерлерди VPN жана прокси сервистер аркылуу колдонушат.

XS
SM
MD
LG