Ссылки доступа

Өкмөт «Кумтөрдү» суу үчүн акы төлөтүүгө ниеттенип жатат


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кыргызстан суу тууралуу мыйзамдарын өзгөртүп, «Кумтөр Голд» компаниясын Петров көлүнөн алып жаткан суу үчүн акы төлөтүүнү көздөп жатат.

Суу кодекси менен «Суу жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү тууралуу өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда жактырылды. Анда коммерциялык максатта суу пайдалануу үчүн төлөм киргизүү каралган.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги суу үчүн акы кандай шартта жана канча өлчөмдө алынары тууралуу эрежелер кийин иштелип чыгарыларын билдирди.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, айрым мекемелерге жеңилдиктер берилип, түшкөн акчанын баары республикалык бюджетке которулат.

«Кыргызалтындын» жетекчисинин орун басары Жумадил уулу Мурадил өкмөт сунуштап жаткан мыйзам кабыл алынса, «Кумтөр Голд Компани» кендин жанындагы Петров көлүнөн алган суу үчүн акы төлөөгө милдеттүү болорун билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылы «Кумтор Голд» өндүрүштүк жана башка муктаждыктарына Петров көлүнөн 5 миллион 542 миң куб метр суу алып, пайдаланган.

​Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда суу бекер. Суу үчүн төлөнүп жаткан акча кардарга жеткирүү кызматы үчүн гана алынат. Ал эми жаңы мыйзам кабыл алынып, күчүнө кирсе, сууну коммерциялык максатта пайдалангандар тейлөө акысын да, суунун өзү үчүн да акы төлөөгө милдеттүү болот.

XS
SM
MD
LG