Ссылки доступа

Түркмөнстан илимди каржылоону токтотот


Түркмөн бийлиги экономикасын чыңдап алуу максатында жакынкы үч жылдын ичинде өлкөнүн Илимдер академиясын каржылоону толук токтотот.

Буга байланыштуу өлкөдөгү 26 илимий-изилдөө институт, анын ичинде Улуттук сейсмология кызматы мамлекеттин колдоосу жок калат. Мындан тышкары Илимдер академиясынын курамына өлкөнүн Жогорку аттестациялык комиссиясы, 18 жогорку мектеп, 2 медициналык изилдөө борбору, 1 китепкана жана 2 басмакана кирет.

Буга чейин Илимдер академиясы өлкөнү маркум президент Сапармурад Ниязов башкарып турганда 1998-жылы бир жолу жоюлган. 2009-жылы Гурбангулы Бердымухаммедовдун жарлыгы менен кайра толук калыбына келтирилген.

Бердымухаммедов табигый газга бай бул өлкөнү мурдагы президент Сапармурд Ниязов каза болгон 2006-жылдын декабрынан бери башкарып келет.

2014-жылы көмүрсуутекке болгон баа кескин төмөндөгөндөн кийин түркмөн валютасы беш эсеге кунун жоготкон. 2016-жылдын башында Орусиянын «Газпром» компаниясы түркмөн газын сатып алуудан баш тарткандыгы жана Иран менен түзүлгөн газ келишиминин токтотулушунан улам өлкө экономикасы оор абалга туш келген.

XS
SM
MD
LG