Ссылки доступа

Самарканддык аял кызын зордуктап жүргөн күйөөсүн өлтүрдү


Самарканд облусундагы Пахтачы районунун тургуну өз күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен кармалды. Аял күйөөсү өзүнүн 18 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн билдирүүдө.

Облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, айнектин сыныктары менен кескиленген 48 жаштагы адамдын сөөгү 27-январда табылган.

– Тергөөнүн жүрүшүндө окуя 26-январда кечки саат ондордо болгону аныкталган. Шектүү катары кармалган аял күйөөсүн айнек идиш менен уруп, андан соң тепкилегенин мойнуна алды. Ал күйөөсү алардын 18 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн айтууда. Учурда аял камакта. Ага каршы «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө», — деди облустук милиция кызматкери.

Өзбек ИИМинин маалыматына караганда, былтыр өлкөдө жубайлар ортосундагы уруштун жыйынтыгында 71 адам каза болгон. Алардын 61 учурунда күйөөлөрү аялдарын өлтүрсө, 10 учурунда аялдар күйөөлөрүн өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG