«31-январдагы атайын операциянын жүрүшүндө Шымкент шаарындагы жоопкерчилиги чектелген шериктештиктердин биринин аймагында Кытайдын 73 жана Өзбекстандын 137 жараны кармалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, кытай жарандары Казакстанга транзиттик аба каттамдары менен келип, өлкө аймагында мыйзамсыз калып калышкан. Учурда аларды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралууда.
Болжолдуу түрдө миграциянын мыйзасыз каналын Кытайдын эки жана Казакстандын бир жараны уюштурган. Алар кармалып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.