Ссылки доступа

Астанада өрттөн беш бала каза болду


Астанада жеке турак-жайлардын бириндеги өрттөн улам беш бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өрт дүйшөмбүгө караган түнү шаардын Шынгыстау көчөсүндөгү үйдө болуп, анын чатыры урап кеткен. Андагы жалын кабар түшкөндөн кийин бир саттын ичинде толук өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүү кызматкерлери урандылардын арасынан беш баланын сөөгүн табышты. Алардын эң кичүүсү бир жашта болсо, улуусу 13 жашта болгон. Өрт тутанган учурда балдардын үйдө жалгыз болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG