Ссылки доступа

Жээнбеков менен Лавров Путиндин Кыргызстанга сапарын талкуулады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапарынын алкагында бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Лавров анын бул сапары Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапарына жана өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына даярдык көрүүгө багытталганын билдирди.

«Бүгүн биз Кыргызстандын тышкы иштер министри менен эки өлкөнүн президенттери алдыбызга койгон бардык тышкы саясий маселелерди кеңири талкуулайбыз», — деди ал.

Өз кезегинде Жээнбеков Путиндин алдыдагы сапарын «маанилүү саясий окуя» деп атады. Мамлекет башчынын айтымында, Орусия лидеринин сапары «союздаштык менен стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин» көрсөтөт.

Буга чейин Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары быйыл марттын аягына белгиленгени кабарланган. Кыргызстан президентинин аппаратынын маалыматына караганда, бул сапардын алкагында эки өлкө башчылары аскердик, экономикалык, укук коргоо, аймактык кызматташуу жана тышкы саясий карым-катнаш тармактары боюнча 15ке жакын документке кол коёт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG