Ссылки доступа

Үч айда үй-бүлө күтүүнүн жолу (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Үч айда үй-бүлө күтүүнүн жолу. Бишкекте “Кантип үч айда күйөөгө тийсе болот?” деген тренинг өтүп, ага 70ке чукул кыз-келин катышты. Үч саатка созулган иш-чарага болжолу 25тен 50 жашка чейинки аялдар келди. Кыздар турмушка чыгуу маселесине кандай маани беришет? (Директтен видео)

- Лавров: Жогорку Нарын каскады боюнча жаңы шарттар сунушталууда. 4-февралда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын башкы максаты мартта болчу орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке мамлекеттик сапарына даярдык көрүү деп айтылды. (Директтен видео)​

- Кажы-Сай айылынын тургундары Жогорку соттун алдына митингге чыгышты​. (Директтен видео)​

- Чилдеде мектепке жөө жеткен окуучулар. Мектепке чейинки жети чакырымдык жол. Кышкы чилдеде жөө жалаңдап, суукка тоңуп, "билим алып калсам экен" деп умтулган окуучулар. Бул - Нарын районундагы Дөбөлү айылынын четиндеги Ак-Там кыштоосундагы кырктай окуучунун күнүгө тарткан түйшүгү. (Директтен видео)

- Таза суунун камын көргөн элеттиктер. Ак-Суу районунун Жол-Колот айылы таза суу боюнча бир топ долбоорлорду жазып, көп жерге кайрылганы менен суу маселеси чечилбей келген. Акыры алар өздөрү каражат чогултуп, бул көйгөйдү өз күчү менен чече турган болду. Учурда айылдыктар кыштын ызгаарына карабай жер казып, түтүк тартып, ар бир үйгө таза суу жеткирүү менен алек. Директтен видео)

- Астанадагы өрттөн беш бала каза болду. Алардын улуусу 12, кичүүсү бир жашта болчу. (Казакстандан видео)

- Кыргызстанда коррупция тууралуу билдирген адамдарды коргоо тууралуу мыйзамга нааразы болушууда. (Настоящее время)

- Бишкекте ыктыярчылар үй-жайсыз адамдарга жардам беришүүдө. (видео Директ)

- Кыргызстанда харассментке каршы күрөшүү үчүн майзам даярдалууда. (видео Директ)

- Кыргызстандагы буддисттердин жалгыз храмында жашаган монах Алексей. (видео Директ)

- Эне жана кыз: муундар кагылышы. Азыркы заманда кыз баланы тарбиялоодо энелер эмнеге көңүл бурушу зарыл? Эне өспүрүм кызга кандай мамиле кылышы керек? Азыркы муун эскиче тарбияны эмнеге жактырбайт? (Директтен видео)

- Эмнеге Казакстан мектепте хижаб кийгендерге каршы болууда? (Видео Директ)

- Тажикстанда алты жыл контейнерде жашаган үй-бүлөгө үй берилди. (Настоящее время)

- Жакында Керчь кысыгындагы көпүрө кулап түшөбү? Анын курулушу 2016-жылы февралда башталып, былтыр майда салтанаттуу ачылышы болгон. Бирок орусиялык ЖМКлар «кылым курулушу» деп атаган көпүрө Крымга тиешелүү жаратылыш шарттарына ылайыкташкан эмес. Мындан улам Украинанын аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко жакында көпүрө урап түшүшү мүмкүн деп эсептейт. (видео Директ)​

- Битбоксер Алина. 18 жаштагы Алина Эркулова үч жылдан бери битбокс менен алектенип келет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла популярдуу болгону менен, Кыргызстанда кыз-битбоксерлорду кезиктирүү кыйын. (видео Директ)

- Петропавловск шаарына бир айдан бери бейтаптарга бекер берилиши керек болгон дарылар келбей жатат. (Казакстандан видео)

- Гуайдо Венесуэладагы бийликтин алмашуусу Орусияга пайдалуу экенин билдирди. (Настоящее время)

- Аламан улакка чабылган поляк аттары. (видео Директ)

- Жылына 10 миң ардагер дарыланып келген Москвадагы геронтологиялык борбор жабылды. (Настоящее время)

- Украинанын Улуттук коомдук телерадиокомпаниясынын башчысы отставкага кетирилди. (Настоящее время)

- Таштандыдан биогаз алган ишкер​ (видео)

- Эмнеге Ферганадагы түрттүрүлө турган үйлөрдүн тургундары көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат? (Өзбекстандан видео)

- Кытайдын жеке аскердик компаниялары кайда жана кандай иштешет? (Настоящее время)​

- Он жыл мурда постсоветтик өлкөлөрдүн азыркы лидерлери эмне менен алектенишкен? (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG