Буга байланыштуу «Түркмөн аба жолдорунун» Амритсардан Бирмингем менен Хитроуго, ошондой эле Ашхабад аркылуу Нью-Делиден Хитроуго белгиленген каттамы аткарылган жок. Мындан тышкары авиакомпаниянын Ашхабад-Франкфурт жана Ашхабад-Париж каттамдары токтотулду.
Independent басылмасынын маалыматына караганда, мындан улам Индиядагы билет сатып алган 5 миңге жакын адам жабыркашы мүмкүн. Улуу Британиянын ТИМи жабыркагандарга «Түркмөн аба жолдорунун» өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу сунушун берди.
«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, түркмөн тарап кара тизмеден чыгуу үчүн эл аралык коопсуздук стандарттарын сактаганын ырастап бериши керек. Азырынча авиакомпаниянын кайсыл стандарттарды бузганы так белгисиз.