Өз атасы зордуктап, учурда алты айлык боюнда бар 14 жаштагы кыз туугандарынын колунда.
Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, райондук администрациянын адистери анын мындан аркы тагдыры боюнча ишти улантууда.
- Эгер туугандары карамагына ала турган болсо, аларга берилет. Болбосо мамлекеттин карамагына өтөт, - деди ал.
Баштапкы кабарларга ылайык, кыздын атасы психикалык оору менен жабыркайт. Апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган.
Кыздын кейиштүү тагдыры тууралуу алгач «Ак жүрөк» кризистик борбору маалымдаган.