Ссылки доступа

Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга өтүнүч жөнөтүлдү


Ички иштер министрлиги Башкы прокуратура аркылуу Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга өтүнүч жөнөттү. Бул тууралуу министрдин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, Салянов Камила Дүйшөбаева аттуу кыздын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде тергөөгө тоскоолдук кылууга шектүү катары өтүүдө.

Каниметов Салянов АКШда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалып, текшерүү маалында Интерпол тарабынан издөөдө жүргөнү аныкталганын кошумчалады.

19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында Калыйбек Салянов да болуп, алгач ал күбө катары суралып, кийинчерээк анын бул иште шектүү катары өтүп жатканы кабарланган. Ички иштер министрлиги Саляновду тергөөгө каршылык көрсөтүүгө айыптап, ага издөө жарыялаган.

Калыйбек Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы. Экс-прокурор бул кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун билдирип келет.

XS
SM
MD
LG