Ссылки доступа

Кыргызстанда онкология көйгөйү кантип чечилүүдө? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Оор китеп кап омурткага доо кетирет. Кыргызстандын Билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтери окуучулар көтөргөн китеп баштыктын салмагын көзөмөлдөбөйт. Бирок кошуна мамлекеттерде окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагына атайын чектөө коюлган. Дарыгерлер болсо оор баштыктар айрыкча кенже класстагы окуучулардын ден соолугуна зыян экенин айтышат. Кыргызстандык окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагы кандай? (Директтен видео)

- Жылкыбаев: Өкмөт башчы болуу оюмда жок. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Азаттыктын» 2х1 форматындагы интервьюсунда чек ара, улуттар аралык, диний, саясий маселелерге байланышкан суроолорго жооп берип, аймактарды реформалоо жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. (Директтен видео)

- Азия: Назарбаев отставкадан кийинки ыйгарым укуктарын тактап берүүнү өтүнүүдө. Астанада өрттөн каза болгон кыздар жерге берилди. Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенден кийинки макамын чечмелеп берүүнү өтүндү. Бишкек бийлиги жолдорду оңдоо үчүн төрт миң бак-даракты кыят. Чет өлкөлөргө чыккан өзбекстандыктардын саны көбөйүүдө. (Настоящее время)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- Ушул эле жаңы долбоор YouTube сервисинде: Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл (видео)

- «Түркмөнстан аба жолдорунун» учактары ЕБдин кара тизмесине киргизилди. (видео Директ)

- Кыргызстанда онкология көйгөйү кантип чечилүүдө? Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда онкология жактан ооруган 26 киши жашайт. «Жардам берүү оңой» фондунун башчысы Динара Аляева өлкөдө онкология көйгөйү кандай чечилип жаткандыгы жана мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилип жаткандыгы тууралуу айтып берди. (видео Директ)​

- Украина президенттигине башкы талапкерлер кандай убадаларды берип жатышат? (Настоящее время)​

- Астанадагы өрттөн беш бала каза болду. Алардын улуусу 12, кичүүсү бир жашта болчу. (Казакстандан видео)

- Бишкекте ыктыярчылар үй-жайсыз адамдарга жардам беришүүдө.(видео Директ)

- Кыргызстанда харассментке каршы күрөшүү үчүн майзам даярдалууда. (видео Директ)

- Кыргызстандагы буддисттердин жалгыз храмында жашаган монах Алексей. (видео Директ)

- Эмнеге Казакстан мектепте хижаб кийгендерге каршы болууда? (Видео Директ)

- Тажикстанда алты жыл контейнерде жашаган үй-бүлөгө үй берилди. (Настоящее время)

- Ракты кантип жеңүүгө болот – 2018-жылдагы негизги медициналык ачылыштар. (видео Директ)​

- Битбоксер Алина. 18 жаштагы Алина Эркулова үч жылдан бери битбокс менен алектенип келет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла популярдуу болгону менен, Кыргызстанда кыз-битбоксерлорду кезиктирүү кыйын. (видео Директ)

- Петропавловск шаарына бир айдан бери бейтаптарга бекер берилиши керек болгон дарылар келбей жатат. (Казакстандан видео)

- Аламан улакка чабылган поляк аттары. (видео Директ)

- Таштандыдан биогаз алган ишкер​ (видео)

- Эмнеге Ферганадагы түрттүрүлө турган үйлөрдүн тургундары көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат? (Өзбекстандан видео)

- Он жыл мурда постсоветтик өлкөлөрдүн азыркы лидерлери эмне менен алектенишкен? (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG