Ссылки доступа

Сапар Исаковдун иши Башкы прокуратурага өттү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура беш күн ичинде айыпты бекитип, аны айыпталуучуларга угузушу керек. Андан кийин иш сотко жөнөтүлүп, ал он күндүн ичинде алгачкы угууларды өткөрүшү зарыл.

Буга чейин адвокаттар иштин материалдары 53 томдон тургандыктан, алар менен таанышууга жетишпей калып жатышканын билдиришкен.

Мурдагы өкмөт башчы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык иштерге айыпталып, былтыр июндун башында кармалган. 18-декабрда бөгөт чарасы каралган сотто ал саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG