Ссылки доступа

Путиндин сапары Орусия таасирин күчөтөбү? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Путиндин сапары Орусия таасирин күчөтөбү? Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле өлкөнүн күн тартибинин башкы сабына чыкты. Буга орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Бишкекке сапары себеп болду. "Орусия Кыргызстандын аймагында экинчи орус аскер базасынын ачылышын четке какпайт" деген кыргыз элчисинин билдирүүсү бул талкууларды күчөттү. “Азаттыктын” талкуусу кыргыз-орус мамилесинин учурдагы абалына, анын көйгөйлөрү менен мүмкүнчүлүктөрүнө арналды. (Директтен видео)

- Оор китеп кап омурткага доо кетирет. Кыргызстандын Билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтери окуучулар көтөргөн китеп баштыктын салмагын көзөмөлдөбөйт. Бирок кошуна мамлекеттерде окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагына атайын чектөө коюлган. Дарыгерлер болсо оор баштыктар айрыкча кенже класстагы окуучулардын ден соолугуна зыян экенин айтышат. Кыргызстандык окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагы кандай? (Директтен видео)

- Жылкыбаев: Өкмөт башчы болуу оюмда жок. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев «Азаттыктын» 2х1 форматындагы интервьюсунда чек ара, улуттар аралык, диний, саясий маселелерге байланышкан суроолорго жооп берип, аймактарды реформалоо жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. (Директтен видео)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- «Түркмөнстан аба жолдорунун» учактары ЕБдин кара тизмесине киргизилди. (видео Директ)

- Кыргызстанда онкология көйгөйү кантип чечилүүдө? Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда онкология жактан ооруган 26 киши жашайт. «Жардам берүү оңой» фондунун башчысы Динара Аляева өлкөдө онкология көйгөйү кандай чечилип жаткандыгы жана мамлекет тарабынан кандай жардамдар берилип жаткандыгы тууралуу айтып берди. (видео Директ)​

- Украина президенттигине башкы талапкерлер кандай убадаларды берип жатышат? (Настоящее время)​

- Астанадагы өрттөн беш бала каза болду. Алардын улуусу 12, кичүүсү бир жашта болчу. (Казакстандан видео)

- Бишкекте ыктыярчылар үй-жайсыз адамдарга жардам беришүүдө. (видео Директ)

- Кыргызстанда харассментке каршы күрөшүү үчүн майзам даярдалууда. (видео Директ)

- Кыргызстандагы буддисттердин жалгыз храмында жашаган монах Алексей. (видео Директ)

- Эмнеге Казакстан мектепте хижаб кийгендерге каршы болууда? Видео Директ)

- Тажикстанда алты жыл контейнерде жашаган үй-бүлөгө үй берилди. (Настоящее время)

- Украинанын инфраструктуралар министри Владимир Омелян өлкө жарандарынын Орусияга барып жаткандыгы тууралуу айтты. Ал Орусияга баргандардын санынын азайып жатканын туура чечим деп атады. (видео Директ)​

- Битбоксер Алина. 18 жаштагы Алина Эркулова үч жылдан бери битбокс менен алектенип келет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла популярдуу болгону менен, Кыргызстанда кыз-битбоксерлорду кезиктирүү кыйын. (видео Директ)

- Петропавловск шаарына бир айдан бери бейтаптарга бекер берилиши керек болгон дарылар келбей жатат. (Казакстандан видео)

- Таштандыдан биогаз алган ишкер​ (видео)

- Эмнеге Ферганадагы түрттүрүлө турган үйлөрдүн тургундары көчүп кетүүдөн баш тартып жатышат? (Өзбекстандан видео)

- «Агоранын» укук коргоочулары Орусияда кантип интернетти көзөмөлдөө аракети жүрүп жатканы жөнүндө айтып беришти. 2018-жылы Орусияда дээрлик 663 миң жолу интернет эркиндигин чектөө учурлары аныкталган. Укук коргоочулар өз баяндамаларыда бийлик бул жаатта тактикасын өзгөрткөнүн жазышкан. Бүгүнкү күндө интернетти кандай жол менен көзөмөлдөө аракети болуп жатканы жөнүндө «Агора» эл аралык укук коргоо тобунун юрист Дамир Гайнутдинов айтып берет. (видео Директ)​

- Он жыл мурда постсоветтик өлкөлөрдүн азыркы лидерлери эмне менен алектенишкен? (сүрөт баян)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG