Ссылки доступа

Тажикстанда кошумча нарк салыгынын жогорулашынан улам кыймылсыз мүлк кымбатташы мүмкүн


Тажикстанда курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгы 5 пайыздан 18 пайызга чейин жогорулады.

«Курулуш компаниялар акыркы беш жылдан бери пайдаланып келген салык жеңилдиктеринин мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабрына чейин созулду. Мындан ары курулуш компаниялары үчүн кошумча нарк салыгы 18% түзүп калат», - деп билдиришти өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы салык саясат башкармалыгынан.

Мекемеден белгилешкендей, кошумча нарк салыгы үчүн каралган 5 пайыздык жеңилдик жеке билим берүү мекемелери үчүн сакталып калды.

Курулуш компаниялардын өкүлдөрү салыктын көбөйгөнүнөн улам кыймылсыз мүлккө, өзгөчө көп кабаттуу үйлөргө болгон баалар да жогорулай турганын билдиришүүдө.

Былтыр өлкөдө жалпысынан 1 миллион чарчы метрден ашык турак-жай пайдаланууга берилген. Бул акыркы жылдар үчүн рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG