Ссылки доступа

Өзбекстан ооган өкмөтү менен талибдерди Ташкентте сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды


Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын мүчөлөрүн түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке чакырды. Бул тууралуу ал БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын башчысы Тадамичи Ямамото менен жолугушуусу маалында билдирди.

Өз сөзүндө Камилов Ташкент эки тараптын түз сүйлөшүүсү үчүн өлкө аймагында бардык зарыл болгон шарттады түзүп берүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун өкүлү Ооганстанда тынчтык жараянын баштоо боюнча Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек бийлигинин саясатын кубаттады.

Видео

Видео

Эки айылды араздаштырган арык
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:20 0:00
XS
SM
MD
LG