Ссылки доступа

Астанада нааразылык акциясына чыккандар бийликке талаптарын айтышты (видео)


Бүгүн Астананын борборуна жүздөгөн көп балалуу энелер чогулуп, бийликтен турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууну талап кылышты. Алардын мындай аракетине Астанадагы өрттөн беш кичинекей кыздын каза болушу себеп болду.

Чогулгандардын талаптарынын негизгилери көп балалуу үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу, жөлөк пулдарды көбөйтүү, балдарды бала бакчалардагы орундар менен камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу болду. Алардын айрымдары эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымованын оставкасын талап кылышты.

Нааразы болгон жарандар менен жолуккан Астана акиминин орун басары Ермек Аманшаев чогулгандарды тынчтыкка чакырып, алардын талаптары «мыйзамдын алкагында» карала турганын билдирди.

Көп балалуу энелер ошондой эле өлкө президентине жолдонгон кайрылуусун окуп беришти. Анда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн турмуш-тиричилигин жана социалдык шартын жакшыртуу боюнча ондогон талаптар жазылган.

Казакстан Конституциясы боюнча «үй-бүлө, ата-эне жана бала мамлекетин камкордугунда».

XS
SM
MD
LG