Ссылки доступа

Казак өкмөтү көп балалуу бүлөлөргө батир салуу үчүн каражат издейт


Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Женис Касымбек үйү жок көп балалуу бүлөлөргө көбүрөөк турак-жай курууну сунуштады. Ал бул маселени өкмөттүн жыйынында козгой турганын белгиледи:

"Биз дал ушундай үй-бүлөлөргө турак-жай куруу үчүн кошумча каражат издеп жатабыз. Эгер жыл сайын 700 батир салынып келсе, азыр анын санын эки-үч эсеге көбөйтүү керек".

Касымбек “Нурлуу жер” мамлекеттик программасы аркылуу көп балалуу үй-бүлөлөргө ижарага берилчү үйлөрдү салуу зарылдыгын айтты. Учурда 28 миң үй-бүлө убактылуу турак-жай үчүн кезекте турат.

Буга чейин көп балалуу аялдардан турган жүздөгөн киши Астананын борборуна чыгып, жашоо шартын жакшыртууну талап кылган.

Мындай нааразылыктын чыгышына беш жаш кыздын өмүрү кыйылган каргашалуу кырсык түрткү болду. 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районундагы 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш кыз күйүп кеткен. Кыздардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан.

XS
SM
MD
LG