Ссылки доступа

Ташкент акимине таандык делген компания кызматкерлери жумуш шартына нааразы


Өзбекстандын Эмгек министрлиги Ташкент шаарынын башчысына тиешелүү компанияда кызматкерлер “кулдай” иштеп жатканы тууралуу макала чыккандан кийин, ыкчам текшерүү иштерин жүргүздү.

Министрликтин маалыматына караганда, 4 кишиден турган атайын топ «Discover Invest» компаниясына таандык, Tashkent City курулуш объектисин кыдырган. Иликтөө учурунда дем алышсыз иштөө, айлык акыларынан кармоо сыяктуу Эмгек кодексин бузган учурлар аныкталган эмес.

5-февралда «Discover Invest» компаниясынын айрым кызматкерлери курулуш объектисинде абал өзгөрбөгөнүн билдиришти. Алардын айтымында, бригада башчылары текшерүүчүлөргө жалган маалымат беришкен.

“Биз учурда "Ханабад-25теги" асфальт заводунда иштейбиз. Келгиле, анан чыныгы кырдаалды көрөсүңөр. Алар арыздангандарды эмес, Tashkent City объектисин текшеришкен. Жетекчилик кызматкерлерге кулдан жаман мамиле жасайт. Вагондордо 22 кишиден жатат, ажаткана жок, чайынуу бөлмөсү жок, ашкана санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бербейт. Бул жерде бизге Орусия менен Казакстандагыдан жаман мамиле жасашат”, – деди кызматкерлердин бири.

Ташкент шаарынын акими – Жахонгир Артыкходжаев.

Видео

XS
SM
MD
LG