Ссылки доступа

Тажик мигранттарына Катарга жол ачылды


Ушул жылдын жайында тажикстандык эмгек мигранттарына Катарга барып иштеп келүүгө жол ачылды.

Тажикстандык эмгек жана миграция министринин орун басары Нурулло Махмадуллозода эки мамлекеттин ортосунда өкмөт аралык келишим түзүлүп, май айынан тартып Катарга биринчи эмгек мигранттары жөнөтүлөрүн билдирди.

Маалым болгондой, Катарга жумушчулар министрлик аркылуу гана Доха талап кылган адистердин тизмесине ылайык жөнөтүлөт. Иштеп келем деген тажикстандыктар араб тилинин курсуна барышы зарыл.

2022-жылы Дохада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт, ушундан улам тиешелүү инфраструктураны курууга жумушчу күч талап кылынат. Учурда тажик мигранттарынын көбү Орусияда эмгектенишет. Расмий маалыматка ылайык, орус жергесинде бир миллионго чукул тажикстандык бар.

XS
SM
MD
LG