Ссылки доступа

Өзбекстанда кайрымдуулукка акча бербеген мугалимдер айлык алышкан жок


Өзбекстандын айрым аймактарындагы мугалимдер «Арал деңизинин жээгиндеги экологиялык абалды жакшыртууга акча чогултуу» тууралуу өкмөттүн токтомунун негизинде бир күндүк айлыктарын берүүгө мажбурланып жатышканын билдиришти.

Анжияндык Дильбар Кабулова аттуу мугалим бир күндүк айлыгын берүүдөн баш тарткан кесиптештери январдагы эмгек акыларын ала электигин айтты.

«Өкмөттүн токтомунда өз каалообуз, өз демилгебиз менен акчалай жардам бере ала турганыбыз жазылган. Анда бир күндүк айлык деп да жазылган эмес. Мен бул менин демилгем эмес деп, бир күндүк айлыгымды бергим келген жок. Алгач директор менен эсепчи мажбурлабай тургандыктарын айтышты. Бирок район башчысы мугалимдерди мажбурлоо менен 5 миллион сум (600 доллар) чогултуп бергиле деп директорго басым жасай баштады», — деди ал.

Самарканддагы мугалимдер тобу да бир күндүк айлыгын которуу тууралуу арыз жазууга мажбурланып жатышканын билдиришти.

Элдик билим берүү министрлигинин өкүлү мугалимдерди кайрымдуулук катары бир күндүк акчасын берүүгө мажбурлоо мыйзам бузуу экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн токтомунда ал жардам ыктыярдуу болушу керектиги жазылган.

XS
SM
MD
LG