Ссылки доступа

Трамп: АКШ «ИМ» тобу басып алган аймактар толук бошотулганын жарыялайт


АКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп

Кийинки жумада буга чейин «Ислам мамлекети» террордук тобунун көзөмөлүндө болуп келген бардык аймактар бошотулганы тууралуу расмий жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалициянын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу маалында билдирди.

Курамына 79 өлкө кирген аталган коалиция акыркы жылдары «ИМ» террордук тобуна каршы күрөш жүргүзүп келет.

Трамптын айтымында, учурда согушкерлер буга чейин көзөмөлдөп келген чоң аймактын кичинекей гана бөлүгүн ээлеп турушат.

«Кийинки жумада расмий түрдө халифаттын 100 пайыз аймагы биздин көзөмөлдө деп айтышыбыз мүмкүн», — деди Трамп. Ал АКШ Сириядан аскерлерин чыгарып жатканына карабастан, өлкө экстрмисттик уюмдун калдыктары менен күрөштү уланта турганын кошумчалады.

Акыркы жумаларда АКШнын расмий адамдары «ИМ» тобу Сирияда буга чейин ээлеп турган аймактарынын 99,5 пайызын жоготконун билдиришкен.

Дональд Трамптын америкалык аскерлерди Сириядан чыгаруу чечими жергиликтүү мыйзам чыгаруучулардын сынына кабылган. Республикачылар менен демократтар «Ислам мамлекети» тобу күчүн калыбына келтирип алышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышкан. Ушул жуманын башында Сенаттагы угуулар маалында АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жозеф Вотел Кошмо Штаттар аскерлерин чыгарып кеткенден кийин, аталган террордук топ кайрадан күчтөнүшү мүмкүндүгүн айткан.

XS
SM
MD
LG