Ссылки доступа

FIFA рейтингинде Өзбекстан илгерилеп, Түркмөнстан чегинди


Футбол боюнча Өзбекстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде алты тепкичке көтөрүлсө, Түркмөнстан дароо тогуз позицияга төмөндөдү. Казакстан эки, Кыргызстан төрт баскычка ылдыйлады, Тажикстан мурдагы ордунда калды.

7-февралда жарыяланган FIFA рейтингиндеги Борбор Азия өлкөлөрүнүн орду:

  • 89. Өзбекстан
  • 95. Кыргызстан
  • 117. Казакстан
  • 120. Тажикстан
  • 136. Түркмөнстан

Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку – 22-баскычты Ирандын курама командасы ээледи. Азия кубогунун финалисти болгон Жапония 27-катардан орун алды. Азия кубогун алган Катар FIFA рейтингинде чоң секирик жасап, 93-орундан 55-орунга көтөрүлдү.

Видео

XS
SM
MD
LG