Ссылки доступа

Франция президенти Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышпай калды


Ангела Меркель менен Эммануэль Макрон
Ангела Меркель менен Эммануэль Макрон

Франция президенти Эммануэль Макрон Коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 15-17-февралда өтөт.

Бул тууралуу Suddeutsche Zeitung басылмасы билдирди. 16-февралга белгиленген Макрон менен Германия канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу болбой калды.

Расмий маалыматтар боюнча Макрон иш графигинин тыгыздыгынан жана Франциянын ички көйгөйлөрүнө көңүл буруу зарылдыгынан иш-чарага катыша албайт. Ошол эле маалда ММКлар буга орусиялык “Түндүк агым-2” газкуурунун курулушуна байланыштуу Париж менен Берлиндин ортосундагы кайчы пикирлер себеп болуп жатканын жазышты.

Бейшембиде Франция ТИМи Париж “Түндүк агым-2” долбооруна тиешеси бар европалык газ директивасына киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттоого ниеттенип жатканын тастыктаган.

“Түндүк агым - 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет.

Ал - Орусия Германияга түз жеткире ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

“Түндүк агым -2” долбооруна Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.

XS
SM
MD
LG