Ссылки доступа

Ташкент аэрпортунда буйдалган кытайлык казак Бээжинге кайтарбоону суранды


Учурда Ташкент аэропортунда жүргөн кытайлык казак өзбек бийлигине кайрылып, Бээжинге экстрадиция кылбоону суранды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдогон ишкер Галымбек Шагымандын айтымында, Кытайда ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Кытай жана Өзбекстан бийлиги Бээжин чындап эле кытайлык казакты экстрадициялоо боюнча өтүнүч жолдогон-жолдобогонун тастыктаган жок. Эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыштагы бир нече өлкөлөр жана БУУ Шинжаңда ислам динин туткан этникалык азчылыктар, анын ичинде уйгур, казак жана кыргыздар жапырт түрдө камоолорго жана куугунтуктоолорго кабылып жатканын билдиришүүдө.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу Шыгманды Кытайга өткөрүп берүү – аны тунгуюкка кептөө менен барабар экенин айтты:

– Эл аралык укук нормаларына ылайык, кимдир бирөө аэропорттун “транзиттик зонасында” болсо, Өзбекстан аны кыйноо же өлүм жазасы күтүп турган өлкөгө кайтарып бере албайт.

Шагымандын 7-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеокайрылуусуна караганда, эгер ал Кытайга кайтса куугунтукталып, атүгүл өлтүрүлүшү мүмкүн. Этникалык кытай кызга үйлөнгөн Шагыман АКШ, Германия, Улуу Британия жана Канада бийлигин экстрадицияга жол бербөөгө чакырды.

Ишкердин Фейсбук баракчасында жарыяланган паспортундагы маалыматка караганда, ал 41 жашта, шинжаңдык, документти былтыр сентябрда Гуандун провинциясынан алган. Паспорттогу мөөрлөргө ылайык, Шагыман Ташкентке Таиланддан келген.

Шагыман Кытайдын Ташкенттеги элчилигинин кызаткерлери аны “азгырып”, аэропорттон оолактатууга аракет жасашканын, бирок ал имараттан чыгуудан баш тартканын айткан.

XS
SM
MD
LG