Ссылки доступа

Америкалыктарга «Түркмөн аба жолдорунун» учактары менен учууга тыюу салынды


АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги америкалык дипломатиялык миссиянын кызматкерлерине «Түркмөн аба жолдору» авикомпаниясынын учактары менен саякаттоого тыюу салынгандыгын билдирди.

«Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги (EASA) «Түркмөн аба жолдору» эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берерин ырастаганга чейин анын учактарына Европа биримдигинин аймагында учууга тыюу салды. Буга байланыштуу америкалык элчиликтин кызматкерлери аталган авиакомпаниянын учактары менен уча алышпайт. Бул чектөө дароо күчүнө кирет», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Авиакомпаниянын эл аралык жана жергиликтүү каттамдарына тиешелүү болгон бул тыюу EASA «Түркмөн аба жолдоруна» карата киргизген чектөөлөрдү алгандан кийин кайрадан каралат.

Өткөн жумада Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги «Түркмөнстан аба жолдорун» «кара тизмеге» киргизип, авиакомпаниянын учактарынын ЕБ өлкөлөрүнө, ошондой эле Европа биримдигинин аба мейкиндигинен учуп өтүүсүнө тыюу салганы белгилүү болгон.

Анда түркмөн тарап кара тизмеден чыгуу үчүн эл аралык коопсуздук стандарттарын сактаганын ырастап бериши керектиги айтылган.

XS
SM
MD
LG