Ссылки доступа

Орусиянын шаарларындагы жүрүштөр маалында бир нече киши кармалды


Ростов-на-Дону шаарындагы Шевченкону колдогон пикет. 2-февраль
Ростов-на-Дону шаарындагы Шевченкону колдогон пикет. 2-февраль

Орусиянын Москва жана Санкт-Петербург шаарларында бийлик менен макулдашылбаган нааразылык акциялардын онго жакын катышуучусу кармалды.

«Ачык Орусия» уюмунун активисти Анастасия Шевченкого тилектештик билдирген мындай жүрүштөр Екатеринбург, Ярославль, Казан, Махачкала, Орёл жана башка шаарларда дагы өттү. Активистке каршы «Орусияда дурус эмес деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Январдын аягында Шевченконун 17 жаштагы кызы ооруканада каза болгон. Ал өзү үй камагында болгондуктан, анын ооруканага барып, кызынын жанында болуусуна дароо уруксат беришкен эмес.

«Аны жарандык позициясы үчүн үй камагына алып, кызын көрүүгө ооруканага баруусуна тыюу салышты. Бүгүнкү күндө аялдарды, энелерди жакшы келечекти каалагандыгы үчүн куугунтуктоо — кадимки көрүнүшкө айланды!», — деп жазышты акциянын уюштуруучулары Фейсбук социалдык түйүнүнө.

Укук коргоочулар жана активисттер бийликти эне менен кыздын укугун бузду деп айыптап жатышат.

Москвадагы жүрүшкө жүздөгөн кишилер катышты.

Петербургдагы акцияга 150гө жакын киши чыкты. Полиция кызматкерлери чогулгандарга күч колдоно тургандыктарын айтып, аларды камерага тартып, таркап кетүүлөрүн талап кылышты. Жүрүштүн катышуучулары алгач пландалган маршрутун өзгөртүп, башка көчөлөр менен эч кандай ураандарды айтпастан тынч басып өтүштү. Бирок ошентсе да полиция кызматкерлери аларды кармай башташты.

Күн мурун Екатеринбургдагы акция маалында бир киши кармалган.

Саранск шаарындагы пикеткен онго жакын киши катышты.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Анастасия Шевченкону абийир туткуну деп таап, бийликти аны тез арада бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG