Ссылки доступа

ЕӨРБ Каспий деңизинин түркмөн жээктеринде мунай иштетүүгө насыя бербейт


Каспий деңизинин түркмөн жээгиндеги мунай мунарасы (иллюстрациялык сүрөт)

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) Каспий деңизинин жээктериндеги мунай кендерин иштетүү үчүн Түркмөнстанга насыя берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 7-февралда «Crude Accountability» укук коргоо уюму билдирди.

Насыянын суммасы 21 миллион АКШ долларын түзөт. Ал Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү долбоорлоруна деңиз жана логистикалык кызматтарды көрсөткөн CMI Offshore Ltd компаниясына беш жылдык мөөнөткө берилиши керек болчу.

Бул насыянын берилишине каршы болуп келген «Crude Accountability» уюмунун билдирүүсүндө Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын өзүнүн нормалары бузулуп жатканы көрсөтүлгөн. Банктын Түркмөнстан боюнча стратегиясында өлкөнүн башкаруусу менен экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырмайынча, мунай жана газ тармактарына инвестиция салууга тыюу салына турганы жазылган.

«Мунайдан түшкөн каражат президент Бердымухамедовдун жеке капчыгына түшөт. Түркмөнстан газдын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат, бирок кышкысын өлкө калкынын көбү үйүн газ менен жылытуу мүмкүндүгүнө ээ эмес. Мындай насыялар түркмөн калкына же айлана-чөйрөгө пайда алып келбейт. Алар болгону коррупциянын күчөшүнө жана адам укуктарынын бузулушуна түрткү болот», — деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Кеңсеси АКШда жайгашкан «Crude Accountability» укук коргоо уюму 2003-жылы негизделген. Ал Каспий жана Кара деңиздердин жээктериндеги экологиялык коркунучтарга каршы иш алып барган активисттер жана коомдук топтор менен иштешип келет.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG