Ссылки доступа

Өзбекстан: кызматтан алынган Улуттук коопсуздук кызматынын башчысына кылмыш иши козголду


11-февралда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагалыгынан кеткен Ихтиёр Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул кызматта бир жылдан ашык иштеген Ихтиёр Абдуллаев кол алдындагы ондогон кызматкерге кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин кызматтан алынган. Булактын айтымында, азырынча ал «экономикалык кылмыштарды жасоого» айыпталып жатат.

Дагы бир булактын билдиришинче, Абдуллаевге каршы «Кызмат абалын кыянат пайдалануу», «Пара алуу» жана «Пара берүү» беренелери менен 8-февралда кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши быйыл январда камалган атайын кызмат өкүлдөрү, анын ичинде төраганын мурдагы биринчи орун басары Жахангир Эгамовдун көрсөтмөсүнүн негизинде ачылганы кабарланууда.

Өкмөткө жакын булактын маалыматына караганда, 10-11-февраль күндөрү Өзбекстанда УККнын жүзгө жакын кызматкерине каршы кылмыш иштери козголуп, бардыгы камакка алынган. Ихтиёр Абдуллаев УКК президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн телефондорун тыңшап келгендиги белгилүү болгондон кийин Мирзиёевдин «каарына калганы» айтылууда.

XS
SM
MD
LG