Ссылки доступа

Тажикстанда калктын электр энергиясы үчүн карызы дээрлик 1 миллиард сомониге жетти


Тажикстандын «Барки точик» холдингинин расмий маалыматына караганда, калктын электр энергиясы үчүн карызы 956,8 миллион сомониге (105 миллион доллар) жетти. Бул мекеменин сайтына 11-февралда жарыяланган акыркы статистикалык маалымат.

Энергохолдингден мындай чоң суммадагы карыз өлкө эгемендик алган жылдардан бери топтолгонун билдиришти.

Бирок калктын карызы тууралуу мекеменин мындай билдирүүлөрүнө жарандар менен эксперттер көпчүлүк учурларда макул боло беришпейт.

Жергиликтүү тургундар электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөшөрүн, болбосо жарыкты өчүрүп кете тургандыктарын айтып келишет. «Мен ай сайын жарык үчүн 100 сомониден (11 долларга жакын) төлөп келем. Төлөмдү бир аз гана кечиктирсек, электр энергиясын өчүрөбүз деп келип калышат. Биздин аймактагы бардык тургундар өз убагында төлөйт, болбосо жарыкты өчүрүп кетишерин жакшы билишет», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

​«Барки точик» Тажикстандагы чыгашалуу негизги эки мамлекеттик монополисттин бири болуп эсептелет. 2017-жылы жүргүзүлгөн аудит энергохолдингдин чыгашалары 3 миллиард 406 миллион сомонини түзөрүн көрсөткөн.​

XS
SM
MD
LG