Ссылки доступа

Конгресс АКШнын түштүк чек арасындагы коопсуздук боюнча макулдашууга жетти


АКШ Конгрессинин имараты
АКШ Конгрессинин имараты

АКШ Конгрессиндеги демократтар менен республикачылар өлкөнүн түштүк чек арасындагы коопсуздук маселеси боюнча болжолдуу макулдашууга жетишти.

Сенаттагы республикачы Ричард Шелбинин билдиришинче, конгрессмендер дүйшөмбү кечке чейин созулган жабык жыйында «принципиалдуу макулдашууга» жетише алышты. Ал андагы айрым деталдар дале болсо талкууланып жатканын айтып, макулдашуунун мазмуну боюнча кеңири маалымат берген жок.

​Азырынча шейшембиде Техаста тарапташтары менен жолуга турган президент Дональд Трамптын бул макулдашууну колдоор-колдобосу белгисиз.

Макулдашуунун долбоорунда Мексика менен чек арага дубал тургузуу үчүн 1,375 миллиард доллар каралууда. Бирок Трамп дубал үчүн 5,7 миллиард доллар сурап жатат. Эгер тараптар ушул жуманын аягына чейин макулдашууга келбесе, анда АКШ өкмөтү кайрадан өз ишин жарым-жартылай токтотушу мүмкүн.

25-январда президент Дональд Трамп өткөн жылдын аягында башталып, дээрлик 35 күнгө созулган «шатдаундан» кийин өкмөттүн иши калыбына келгенин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG