Ссылки доступа

Тажикстанда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү иске ууланып каза болду


Тажикстандын Хатлон облусундагы Кушониён районунда бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү истүү газга ууланып каза болду.

Маалыматтарга караганда, окуя 11-февралга оогон түнү болгон. Эртең менен үйдүн ичинен 49 жаштагы үй ээси Зокир Шокировдун жана 18 жаштагы кызы Мадина менен 19 жаштагы уулу Анастын сөөктөрү табылган. Алардын сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөндөн кийин жерге берилди.

Азырынча экспертизанын жыйынтыктары айтыла элек. Бирок коңшулары маркумдар үйүн көмүр менен жылытып келгенин жана иске ууланганын айтып жатышат.

Тажикстандын кыштактарында кышкы суукта бир бөлмөнү эле меш жана көмүр менен жылытып, үй-бүлө мүчөлөрү чогуу жашаган учурлар кадыресе көрүнүш.

XS
SM
MD
LG