Алардын айтымдарында, балдары бир айдан бери карталарынан акча ала албай кыйналып жатышат. «Жаңы жылга чейин уулум картасынан жумасына 1000 рубль ала алчу. Бир айдан бери бир дагы тыйын берилбей жатат. Банкоматта бир айда 150 гана доллар алууга мүмкүн экени жазылууда», — деди уулу Москвада окуган ата-энелердин бири.
Ушундай эле кыйынчылыкка Беларустун жогорку окуу жайларында билим алган түркмөн студенттери дагы туш болушууда. Ата-энелердин айтымдардында, чет жактагы балдарына «Western Union» эл аралык акча которуу кызматы аркылуу акча жөнөтүүдө да кыйынчылыктар болууда.
«Ал жакта кезек күткөндөр абдан көп. Кезек бир нече айда бир келет. Анда да бир жолу жөнөткөндө 100 доллардан ашык жөнөтүүгө мүмкүндүк берилбейт. Ошол эле маалда акча которуу үчүн көптөгөн маалымкаттар талап кылынат», — деп билдирди ата-энелердин бири.
Өлкө сыртында түркмөн карталарынан акча алуудагы жана чет өлкөлөргө акча которуудагы көйгөйлөр Түркмөнстанда бир жылдан бери уланып келет.