Ссылки доступа

КСДПнын эсепчиси: шайлоодогу документтерди Атамбаевге калтыргам (видео)


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шайлоо штабынын башкы эсепчиси Надира Сатыгул кызы Кыргызстандан чыгып кеткенинин себептерин жана Интернетке жарыяланган финансылык документтердин чоо-жайын түшүндүрдү. Анын видеокайрылуусу Интернетке 12-февралда чыкты.

Ал экс-президент Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов камалган соң телефонуна чалган күмөндүү адамдар болгонун, тыңшоо жүрүп жатканын сезип, Алмазбек Атамбаевге кайрылганын, ал мамлекеттен убактылуу чыгып кетүүгө кеңеш бергенин билдирди.

«Кетерден мурун өз коопсуздугумду ойлоп, шайлоонун материалдарын (документтердин баарын) Атамбаевге калтыргам. Анын Интернетке чыгып кетерин ойлогон да эмесмин. Башында тынчсыздандым, азыр болсо «балким жарыяланганы жакшылыкка» деп ойлоп жатам», — деген Сатыгул кызы Индияга кеткенин, Бишкекке жакын арада келерин кошумчалаган.

Былтыр укук коргоочу Нурбек Токтакунов "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну жалган маалымат катары мүнөздөгөн.

Кийин Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өз коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев айтып чыккан.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги иликтөө баштаган.

XS
SM
MD
LG