Ссылки доступа

Казак бийлиги журналисттерди иш-чараларга киргизүү тартиптерин катаалдатууну сунуштады


Казак өкмөтү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, журналисттердин иш-чараларга катышуусуна уруксат берген тартиптерди катаалдатууну сунуштап жатат. Мыйзамга сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөр 13-февралда нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланды.

Анда «иш-чара өтүп жаткан имаратта орун жок болсо» журналистти аккредитациялоодон баш тартууга болору жазылган.

Долбоордо журналисттерди аккредитациядан өткөрүү үчүн арызга ЖМК өкүлүнүн андагы тартиптерди сактоого берген жазуу жүзүндөгү макулдугу жана журналист менен редакция ортосунда түзүлгөн келишим мамилелерин ырастаган документтердин көчүрмөсүн тиркөө сунушталууда.

Мындан тышкары журналистти аккредитациясынан ажыратууга негиз берген себептердин тизмесин кеңейтүү каралууда. Анда журналист «аккредитация берген органдын ички тартиптерин, модератордун регламентин бузса, же ал органдын ар-намысына шек келтирген» жалган маалыматтарды таратса, аны аккредитациясынан ажыратууга болору жазылган.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү өлкөнүн Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаев сынга алды. Ал КазТАГ агенттигине берген маегинде Казакстанда буга чейин сунушталып жаткан тартиптер эч качан болбогонун билдирди. Матаев журналист менен ЖМК ортосундагы келишим мамилелерин ырастаган документтерди талап кылуу — жарандык журналистиканы жок кылат деп эсептейт.

Журналист Альберт Ахметов долбоордогу сунуштарды «ачык цензура жана журналисттин профессионалдык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу» деп атады. Анын кесиптеши Серикжан Маулетбай залда орун жок үчүн журналистти аккредитациядан өткөрбөй коюу сунушу иш-чараларга «журналисттерди тандап киргизүүгө жол ача турганын» жазды.

XS
SM
MD
LG