«Айыпталуучулардын башка бирөөлөргө жазылган же офшордук аймактарда мүлкү бары-жогун, банк эсептерин текшерүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эгер табылса аларга карата мыйзамсыз баюу, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу беренелери менен жаңы кылмыш иштери козголот», — деди башкы прокурор.
Былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин үч кылмыш иши козголгон. Алардын бири ЖЭБди модернизациялай турган компанияны тандоодогу коррупция фактысына байланыштуу. Бул иште башкы айыпталуучу катары президенттин мурдагы аппарат башчысы, экс-премьер-министр Сапар Исаков өтүүдө. Анын иши боюнча сот отуруму 19-февралда Бишкектин Свердлов районунда башталат.