Ссылки доступа

Тажик бажычылары баптисттердин 5 миң календарын өрттөдү


Душанбедеги Бажы комитетинин имараты

Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөгү христиан коомдук уюмдарынын биринин буйрутмасы менен алынып келинген 5 миң кадендарь өрттөлгөнүн ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, жылнаамалар Душанбе аэропортунда былтыр 18-декабрда алынган.

13-февралда Тажикстанда каттоодон өткөн «Евангелий христиан-баптисттери» деп аталган христиан уюмунун өкүлдөрү бийлик алар алып келген календарларды мыйзамсыз алып, өрттөгөнүн билдиришти. Алардын айтымында, жылнаамаларда Евангелийдеги ырлар жазылгандыктан алынган. Бул үчүн уюмга 4 миң сомони (420 доллар) өлчөмүндө айыппул салынган. Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, тажик бийлиги алынып келинген календарлардын чиркөөгө келген адамдардын санынан көп экенин айтышкан.

Бирок Бажы кызматынын өкүлү Рахмонали Рахимзода бул билдирүүлөрдү четке кагып, өлкөнүн Маданият министрлигинин корутундусу боюнча конфискацияланган календарларда жат диний агымдын пропагандасы болгонун билдирди.

«Маданият министрлигинин экспертизасынан кийин жылнаамаларда бөтөн ишенимдин пропагандасынын белгилери табылган. Бул диний агымга эркин кире берсе болот, бирок Маданият министрлигинин атайын уруксаты жок өлкөгө диний адабияттарды алып кирүүгө тыюу салынат», — деди ал.

Жакында Тажикстандын Бажы кызматынын төрагасы Хуршед Каримзода алар өлкөгө пропагандалык мазмундагы диний адабияттарды алып кирүүгө жол бербей тургандыктарын айткан. Бирок өлкөнүн учурдагы мыйзамында мындай чаралар каралган эмес.

XS
SM
MD
LG