Ссылки доступа

Дарига Назарбаева журналисттерди «дүрбөлөңгө түшпөөгө» чакырды (видео)


Казакстан парламентинин сенатынын депутаты, өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева журналисттерди иш-чараларга киргизүү киргизүү тартиптерин катаалдатуу тууралуу өкмөттүн пландары боюнча пикирин билдирди.

«Азырынча журналисттерди аккредитациядан өткөрүү тууралуу долбоорго сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен тааныша элекмин. Алдын ала дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок», — деди ал ЖМК өкүлдөрүнө.

Өз кезегинде журналисттер кооптонууга негиз бар экенин, анткени өкмөт былтыр «ЖМКлар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенин жана ал өлкөдөгү басма сөздүн абалын начарлатканын билдиришти. Жооп катары Назарбаева журналисттердин өзүн айыптап, «түштөн кийин» нааразы болбостон ЖМК өкүлдөрү өз укуктарын өзүлөрү коргоого үйрөнүшү керектигин айтты.

«Эгер силердин адистикке тиешелүү мыйзам долбоору же нормативдик-укуктук акты даярдалып жатса, ал кеңири талкууланат. Тилекке каршы, бул жагынан алганда журналисттик коомчулук өтө пассивдүү. Мыйзам долбоору талкууланып жатканда кайда элеңер, эмнеге айткан жоксуңар? Депутаттарга караганда адис катары бул тармакты силер жакшы билесиңер да», — деди президенттин кызы. Журналисттер аларды парламенттин жумушчу тобунун курамына киргизбей коюшканын, ошентсе да нааразылыктарын укук коргоочулар аркылуу жеткирүүгө аракет кылышканын билдиришти. Өз кезегинде Дарига Назарбаев ага «эч ким кайрылбаганын» билдирип, бул маселеге кийинки жумада кайрылууну убадалады.

Журналисттердин аккредитациядан өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу өкмөттүн буйругуна сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоору 13-февралда нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланган. Анда «иш-чара өтүп жаткан имаратта орун жок болсо» журналистти аккредитациялоодон баш тартууга болору жазылган. Долбоордо журналисттерди аккредитациядан өткөрүү үчүн арызга ЖМК өкүлүнүн андагы тартиптерди сактоого берген жазуу жүзүндөгү макулдугу жана журналист менен редакция ортосунда түзүлгөн келишим мамилелерин ырастаган документтердин көчүрмөсү тиркелиши керектигин белгиленген. Мындан тышкары документте журналистти аккредитациясынан ажыратууга негиз берген себептердин тизмесин кеңейтүү сунушталган.

XS
SM
MD
LG