Ссылки доступа

Тажик ИИМи: ОМОН тополоң чыккан түрмөгө барымтадагыларды бошотуу үчүн кирген


Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода
Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода

Былтыр 8-ноябрга караган түнү Хожент түрмөсүндөгү тополоңду баштагандар камактагыларды бошотууну талап кылып, болбосо барымтага алынган абактын 7 кызматкерин өлтүрө тургандыктарын айтышкан. Бул тууралуу 14-январдагы маалымат жыйынында өлкөнүн ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди.

Анын айтымында, камактагылардын мындай талабынан кийин Милициянын өзгөчө даярдыктагы тобунун (ОМОН) катышуусунда атайын операция баштоо чечими кабыл алынган. «Милиция кызматкерлери барымтадагы беш адамды куткарышкан. Экөөсү ага чейин эле камактагылар тарабынан өлтүрүлгөн», — деди Рахимзода.

Өткөн айдын аягында өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Илхом Назиров эгер тополоң өз учурунда басылбаганда, курмандыктар мындан да көп болмоктугун айткан.

«Терроризм жана экстремизм беренелери боюнча соттолгондор сыртка чыгып, абактагы туугандары менен көрүшүүгө келген адамдарды барымтага алышмак. Анда курмандыктар мындан кыйла көп болмок», — деген ал.

Расмий маалыматтарга караганда, түрмөдөгү тополоңду басууда камактагы 21 адам өлгөн. Тополоң маалында абактын эки кызматкери каза болуп, беш күзөтчү оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Хожент түрмөсүндөгү тополоң үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG