Ссылки доступа

Кар көчкүлөрдөн улам Тажикстандын негизги унаа жолу жабылды (видео)


Главная дорога Таджикистана завалена снегом, страну разрезало пополам
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Согди облусу менен өлкөнүн борбордук бөлүгүн байланыштырып турган жалгыз унаа жолу кар көчкүлөрдөн улам жабылып турат.

Учурда жолдон өтө албай калган жүздөгөн жүк унаалары менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан таксилер тыгында турушат. Алардын айрымдары жол жакында ачылбай турганын айтышып, кайра артка кетип жатышат.

«Биз улам-улам жылынып жаткандыктан, автоунаалардын бензини менен соляркалары түгөнүп баратат. Бир-эки сааттан кийин ачылат деп убада беришет, бирок ачылган жок», — деди жолдон өтө албай калган айдоочулардын бири.

«Биз студентпиз, Кулябдан Хожентке баратабыз. Бүгүн Орусияга окууга учмакпыз, бирок учакка жетишпей калат окшойбуз», — деп билдиришти таксиде жүргүнчү катары кетип бараткан өспүрүмдөр.

Бийлик тиешелүү органдар жолду күнү-түнү тазалап жатышканын билдирүүдө. Куткаруучулар кар токтобой жаап, көчкү түшүп жаткандыктан, жарандарга бул багытта жолго чыкпай туруу кеңешин беришүүдө.

«Биз бир нече жолу жергиликтүү жана эл аралык ЖМКлар аркылуу калкка кайрылып, 13-14-февраль күндөрү аба ырайы начарлай турганын эскерткенбиз. Бирок тилекке каршы бизди баары эле уга беришкен жок»— деди өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсупова.

XS
SM
MD
LG