Ссылки доступа

Бүгүнкү маңкурттун образы сахнада (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бүгүнкү маңкурттун образы сахнада. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Назым Меңдибаировдун “Кылым карытар бир күн” спектакли аншлаг менен өттү. Чыңгыз Айтматовдун татаал чыгармаларынын бири катары белгилүү көлөмдүү роман буга чейин сахнада сейрек коюлуп келген. Театр күйөрмандары жаңы спектакль көрүүчүлөргө жеткиликтүү тил менен сахналашып берилгендигин оң баалашты. (Директтен видео)

- Азия: Казакстан бийлиги журналисттерди аккредитациялоонун жаңы эрежелерин киргизүүдө. Казакстан журналисттери аккредитациялоонун жаңы эрежелерине наары: алар Конституцияга жана ЖМКлар тууралуу мыйзамга каршы келет. Тергөөчүлөр: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо бюджетке $111 млн. зыян келтирилген. Алматыда ооган согушунда 177-мусулман батальонун башкарган майор Керимбаев жерге берилди. (Настоящее время)

- «Журналисттердин көбү аккредитация ала албай калышат»: юрист министр Абаевдин буйругу боюнча пикирин билдирди. (Настоящее время)

- Кар көчкүсүнөн улам Тажикстандын негизги унаа жолу жабылды. (Настоящее время)

- Назарбаева журналисттер үчүн талаптарды күчөтүү тууралуу пикирин айтты. Сенаттын депутаты, Казакстандын Журналисттер конгрессинин аткаруу комитетинин төрайымы жана президент Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева журналисттерди иш-чараларга киргизүү тартиптерин катаалдатуу тууралуу бийликтин планы боюнча пикирин билдирди. (Казакстандан видео)

- 16 миң теңгеге жашоо: бир үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушу. (Казакстандан видео)

- «Цензура киргизүүнү кезектеги аракети»: Казакстандагы журналисттерди аккредитациялоонун жаңы эрежелери. (Настоящее время)​

- Алгачкы сүйүүңүз эсиңиздеби? Махабат күнүндө бири-бирине ыйык сезимдерин билдиргендер да, аны эстегендер да арбын. "Азаттык" Бишкек көчөсүндө айрымдардан алгачкы махабатын эске салууну өтүндү. (Директтен видео)

- Тажигүл: Кыргыздын сулууларын тарта берем. Жыйырмадан ашык жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурган Тажыгүл Күнтүз Түркияда жашаган кыргыз сүрөтчү. Ал чыгармаларында кыргыз аялдарынын образын тартат. (Директтен видео)

- Бишкекте «Коопсуз шаар» иштей баштады. Эми шаарда кандай жүрүү керек? (Настоящее время)

- Өрт коопсуздук эрежелери сакталбаган мектептеги сабактар. Түндүк-Казакстан облусунун Явленка айылындагы мектепте үч айдан бери жылуулук берилбейт. Учурда ар бир класста электр жылыткычтары сайылган. (Казакстандан видео)

- Азия 360: Каракол – кыргыз Швейцариясы. (Настоящее время)​

- Ак-Талаанын бозосу суукта үшүтпөйт. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азыр бозонун сезону. Кыштын кыраан чилдесинде айылдыктарды сөөктөн өткөн сууктан мына ушул бозо сактап, ток алып жүрөт. Аймакта “Ак талаанын бозосу” деп бренд болуп калган суусундукту жасоонун салттуу ыкмасы бузулбай, муундан муунга өтүп келет. (Кыргызстандан видео)

- Ирандагы революция кантип шахты, андан кийин революция жасагандардын өзүн жеңген? (Инфографика)

- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)

- Өлкөдө кыз ала качуу жөнүндөгү сериалга нааразы болгондор көбөйдү. (Настоящее время)

- Ызгаар сууктагы бекер такси. Казакстандын түндүгүндө катуу суук уланууда. Павлодарлык ыктыярчылар аялдамада автобус күткөн жарандарды бекер үйлөрүнө жеткирип жатышат. (Казакстандан видео)

- «Бийлик сырлары». Айгүл Текебаева Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу. «Бийлик сырлары» берүүсүндө «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши жана ага балдарынын кандай реакция кылгандыгы жөнүндө айтып берет. Мындан тышкары ал мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамилелерге токтолот. (Кыргызстандан видео)​

- Ашхабад: кармалган жолбун иттер каякка жеткирилет?​ (видео)

- Азия 360: кышкысын күн, жайкысын ай көрбөгөн айыл. Баткен облусунда кышкысын күн, жакыйсын ай тийбеген уникалдуу айыл бар. Ал Памир-Алай тоолорунун койнунда жайгашкан. (Настоящее время)

- «Петров менен Бошировдон дагы жогорку кызматта». The Insider басылмасынын башкы редактору Роман Доброхотов Скрипалдардын иши боюнча үчүнчү шектүү жөнүндө айтып берди. (видео Директ)

- Москва: кармалган украин деңиз аскерлери камакта калтырылды.(видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Китеп окуган жаштар сыйланды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00
XS
SM
MD
LG