Ссылки доступа

Тажик бийлиги мессенджерлер аркылуу сүйлөшүү үчүн салык алууну көздөөдө


Нусратулло Давлатзода
Нусратулло Давлатзода

Тажикстандын Салык комитети жакынкы айларда мессенджерлер аркылуу сүйлөшкөндө колдонулган трафик үчүн абоненттерден салык алуу тууралуу сунушун өкмөткө жөнөтөт. Бул тууралуу журналисттерге мекеменин башчысы Нусратулло Давлатзода билдирди.

Анын айтымында, өлкө жарандары Viber, Whatsapp жана IMO сыяктуу мессенджерлер, ошондой эле мобилдик компаниялардын тиркемелери аркылуу сүйлөшүүгө артыкчылык берип жаткандыктан, өлкө бюджетине эл аралык чалуулардан түшкөн салык кыйла азайып жатат. «2017-жылга салыштырмалуу былтыр мобилдик компаниялардан түшкөн салыктын көлөмү 123 миллион сомониге (13 миллион доллар) азайган», — деп билдирди ал.

Нусратулло Давлатзода мессенджер аркылуу сүйлөшүүдө колдонулган трафик үчүн төлөм алуу тажрыйбасы башка өлкөлөрдө, анын ичинде Греция, Испания, Франция, Орусия, Беларус жана Кыргызстанда бар экенин кошумчалады.

Өткөн айда Салык комитети өлкөдөгү байланыш операторлорунан абоненттердин Viber, Whatsapp, IMO өңдүү мессенджерлер аркылуу сүйлөшүүсүнүн ар бир мүнөтүн эсептеп, анын негизинде бюджетке салык төлөөнү талап кылган. Бирок мобилдик компаниялар менен тажик өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы абоненттердин мессенджерлер аркылуу сүйлөшүүсүнүн ар бир мүнөтүн эсептеп чыгуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG