Ссылки доступа

Немис эксперттери «Түркмөн аба жолдорунун» эл аралык деңгээлге чыгуусуна жардам берет


«Түркмөн аба жолдорунун» учагы
«Түркмөн аба жолдорунун» учагы

«Түркмөн аба жолдору» Европанын авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) талаптарына жооп берүүдөгү кемчиликтерин жоюу үчүн «Lufthansa Consulting» компаниясын жалдады. Бул тууралуу түркмөн авиакомпаниясынан билдиришти.

«Жакында авиакомпания EASA талаптарына жооп берүүдө кыйынчылыктарга туш болгону белгилүү. Мындан улам буга тез арада реакция кылып, учурдагы абалга баа берүү жана аны түзөөчү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн немис авиациялык эксперттери менен кызматташуу чечими кабыл алынды», — деп жазылган билдирүүдө.

4-февралда EASA «Түркмөн аба жолдорун» «кара тизмеге» киргизип, авиакомпаниянын учактарынын Европа биримдигине мүчө өлкөлөргө жана ЕБдин аба мейкиндиги аркылуу учуп өтүүсүнө тыюу салган. Бул тыюунун конкреттүү себептери айтылган эмес, бирок түркмөн тараптан эл аралык коопсуздук эрежелерин сактап жатканын ырастоо талап кылынган.

«Түркмөн аба жолдорунун» расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, авиакомпаниянын учактары өлкө ичинде күнүнө 5 миң жүргүнчү ташыса, жергиликтүү жана эл аралык каттамдары жылына 3 миллионго жакын адамды тейлейт.

XS
SM
MD
LG