Ссылки доступа

Казакстанда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөн эки баланы куткарып калды


Шымкенттин Курсай кичи районунда 13 жаштагы өспүрүм өрттөнүп жаткан үйдөгү эки кичинекей баланы куткарып калды. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ишемби кечинде шаардын Жанакурылыс көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Ал маалда үйдө үч бала болгон. Өрт башталганда алардын улуусу жардам сурап көчөгө чыккан. Коңшу жашаган 13 жаштагы өспүрүм өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин беш жана үч жаштагы эки баланы сыртка чыгарууга жетишкен.

Өрттүн жыйынтыгында 60 чарчы метрлик үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда анда куткарылган балдардын абалдары канааттандыраарлык деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG