Ссылки доступа

Иран: Тегеран Тажикстанга бир туугандай мамиле кылат


Бахрам Касеми
Бахрам Касеми

Иран тажик өкмөтүнө бир туугандай мамиле кылат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Бахрам Касеми Тегеранда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Мен Тажикстандын тышкы иштер министринин сөздөрү менен макулмун. Эки өлкө ортосундагы байыртан берки келаткан өз ара байланыштар тажик жана иран өкмөтүнүн кызматташтыгын кеңейтүү зарылдыгын көрсөтүп турат деп эсептейм», — деди Касеми. Буга чейин Тажикстан ТИМ башчысы Сирожиддин Мухриддин 2019-жыл Иран менен көйгөйлөрдү чечүү жана «бир тууган эки элдин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү» жылы болорун билдирген. «Тажикстан менен Ирандын ортосунда саясий маселелер боюнча гана көйгөйлөр бар. Бирок аларды чоң маселе деп айтууга болбойт. Социалдык жана экономикалык тармактар боюнча ортодо эч кандай маселе жок», — деп билдирген Мухриддин.

Иран ТИМинин расмий өкүлүнүн айтымында, Тегеран Тажикстандын легитимдүү өкмөтүнө каршы аракеттерди көрүп жаткан топторго эч качан колдоо көрсөткөн эмес. «Биз ар дайым коопсуз, туруктуу жана өнүккөн Тажикстанды көргүбүз келет. Тажикстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки жылдары Ирандын саясаты менен мамилеси тажик өкмөтүн колдоого багытталып келген. Мындай саясат азыр дагы уланып жатат», — деди Касеми.

Тажик-иран мамилеси 2015-жылы декабрдан бери кескин солгундап кеткен. Анда Тегеран эл аралык конференцияга Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабирини чакырган. Иш-чаранын алкагында ал Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи менен жолуккан. Бул окуядан кийин Тажикстан дароо эле Ирандан эт жана чай экспорттоого тыюу салган. Душанбе мындай чечимин аталган товарлардын сапаты начар экендиги менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG