Ссылки доступа

Эки күндө кызамыктан күмөн санаткан 23 киши ооруканага түштү


Бул тууралуу республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Ишемби, жекшемби күндөрү медициналык мекемелерге жалпысынан 31 киши кайрылган. Алардын ичинен абалы оорлорун карап, 23 адамды ооруканага жаткырдык. Ушул тапта биздин ооруканада 58 киши кызамыктан дарыланып жатат. Алардын тең жарымы бир жашка чейинки эмделбеген балдар.

Гүлжигит Алиевдин маалыматы боюнча, булардан тышкары кызамык менен ооруп жаткандардын дээрлик тең жарымы эмделбеген адамдар.

Былтыр октябрда Бишкекте кызамыктан алты айлык кыз чарчап калган. Адистердин айтымында, абалдын оорлошуна балдар убагында эмделбегени себеп болууда. Анткени кызамык дал ушул эмдөө аркылуу таптакыр жок кылынуучу оорулардын катарына кирет.

Былтыр кызамык айрым Европа өлкөлөрүндө күчөп, 40ка жакын адамдын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG