Ссылки доступа

Сирияда ИМ тобунун диктору кармалды


Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун көптөгөн видео тасмаларын англис тилинде коштоп сүйлөп жүргөн Канаданын жараны кармалды. Бул тууралуу "The New York Times" гезити жазып чыкты.

Канаданын жаранын коалициялык күчтөр январда кармашкан. Бул тууралуу эми гана белгилүү болду. Гезиттин маалыматына караганда, кармалган киши – 35 жаштагы Мухаммед Халиф. Ал Сауд Арабиясында туулган, бала чагында Торонтого көчүп кеткен. Халиф компьютердик технология багытында билим алып, IТ тармагында иштеген.

Халифтин айтымында, ал алты жашынан тарта «Ал-Каида» террордук тобунун дарстарын уга баштаган. Эр жеткенде Сирияга кетип, «Ислам мамлекети» террордун тобуна кошулган. Башында тилмеч болуп иштеп, кийинчерек видео роликтерди англисче коштоп сүйлөп жүргөн.

Соңку маалда жихадчылардын катарында согуша баштаган. Халиф кармалгандан кийин «эч нерсеге өкүнбөй турганын» билдирген.

XS
SM
MD
LG