Ссылки доступа

Түрк киноактёру Ташкенттин бай аялдары менен тамактангандыгы үчүн 379 миң доллар алды (видео)


Белгилүү түрк киноактёру Бурак Озчивит Ташкентте олигархтардын жубайлары, ишкер аялдар жана моделдер менен жолугуп, 2,5 сааттын ичинде 379 миң доллар тапты.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, киноактёр Ташкентке күйөрмандары менен түштөнүү үчүн чакырылган. Rusturkey.com порталы Озчивит Ташкентке белгилүү адамдар катышкан 2,5 сааттык банкетке катышууга келгенин жазды.

«Өзбекстан жаңылыктары» порталы билдиргендей, мындан тышкары түркиялык актёр өзбек кинорежиссёрлору менен жаңы телесериалга тартылуу маселесин талкуулап, жаш актёрлор үчүн мастер-класс өткөрдү.

Бурак Озчивит Ташкенттеги иш-чара маалында тартылган сүрөттөр менен видеолорду социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыялады.

Актёр калк арасында бир катар популярдуу түрк сериалдарындагы ролдору менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG