«Келишимди парламент ратификациялап, мыйзамды парламент кабыл алган. «Ратификация туура эмес болгон» дешсе - анда депутаттарды, Асылбек Жээнбековду суракка алыш керек. Мен кандай болбосун, аларды сотко чакырам. Депутаттарды жоопко тартыш керек деп бул маселе боюнча прокуратурага расмий түрдө кайрылдым», — деди Токтакунов.
18-февралда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталгандардын иши боюнча соттук угуу башталган. Жыйын жабык өтүп, залга жактоочулардан башка эч ким киргизилген жок.
Асылбек Жээнбеков өткөн жумада бул маселедеги парламенттин жоопкерчилиги тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал депутаттар ал кезде өкмөттүн сөзүнө ишенип, колдоп бергенин айткан. Депутат бул маселеде Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин кынтыксыз аткарганын белгилеп, элдин ишеничин ошол келишимди түзгөндөр актабаганын айткан.