Ссылки доступа

Песков: Кремль камакка алынган америкалык ишкердин ишине тыкыр көз салууда


Кремль ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган белгилүү америкалык инвестор Майкл Калвинин кармалышынын айланасындагы жагдайга тыкыр көз салып турат. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Калвинин камалышы менен АКШ-Орусия ортосундагы мамилелердин начарлап кетишинин эч кандай байланышы жок экенин айтты.

«Орусиянын башка өлкөлөр менен болгон мамилеси эч качан чет өлкөлүк инвесторлордун ишмердүүлүгүнө таасир эткен эмес. Орусия дайыма чет элдик инвестицияга жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар», — деп билдирди Песков.

Ал өз сөзүндө Калви Орусияда «өтө тартиптүү жана ири инвестор катары» таанымал экенин белгиледи.

Москванын Басман райондук соту 16-февралда Baring Vostok фондунун негиздөөчүсү Майкл Калвини камакка алуу чечимин чыгарган. Baring Vostok түз инвестиция тартуу боюнча Орусиядагы эң ири фонддордун бири болуп эсептелет. Ал бир нече өлкөдөгү, анын ичинде Казакстандагы ондогон долбоорлорго инвестиция салган.

XS
SM
MD
LG